Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кыскарды

2020-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 764,5 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин ай сайын жарыяланчу жаңы баяндамасында маалымдалды.

 

Мунун ичинен 599 млн. 621 миң доллар импортко туура келет жана ал 5,2% кыскарды. Аталган өлкөлөргө экспорттун көлөмү 164 млн. 892 миң доллар болуп, былтыркы жылдын төрт айына салыштырганда 17,4% азайды.

 

Кыргызстан биримдиктин ичинде негизинен Орусия жана Казакстан менен соода-алака жүргүзөт.

 

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Россиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

 

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.