Мэрияга караштуу «Бишкекгенплан» ишканасы түзүлдү

Бишкекте генпланды жана деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу менен алектене турган мекеме түзүлдү.

Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.

Пресс-конференция учурунда борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар куруу тармагын контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды борбордун мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору даярдалгандыгын билдирди.

«Курулуш эрежелерин жана жалпы эрежелерди бузуу фактылары көп. Биз азыр «Бишкекгенплан» ишканасын түздүк, ал деталдуу пландаштыруу долбоорун, Башкы планды жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу менен алектенет», — деди мэр.

Ошондой эле шаар башчысы муниципалитеттин борбордогу курулуштун сапатын көзөмөлдөө укугу жок экендигин белгиледи.