Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу кышкысын да жүргүзүлөт

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу кышкысын да жүргүзүлөт.

Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, абитуриенттерди кышында кабыл алуу жайкы кабыл алуу өнөктүгү аяктагандан кийин бош калган контракттык орундарга пландалууда.

Тандоо жана кабыл алуу өткөн жылдын ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда ар бир ЖОЖ кышкы кабыл алууну өткөрүү же өткөрбөсүн өз алдынча аныктайт.

Жаңычылдык качан иштеп баштаары азырынча белгисиз.