Нарын облусунун Бугучу айылындагы жаңы мектептин курулушу майда аяктайт.
Архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, учурда 150 окуучуга
чакталган объекти 95 пайызда даяр. Билим берүү мекемесинин ички жасалгасы жана
айланасын көрктөндүрүү иштери аяктап жатат. Курулуштун сметалык наркы 690 миң
долларды түзөт. Сумма Сауд Өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен берилет.