Бишкекте күндүзгү стационарлар жаңы конуштарда да пайда болду.
Мэриядан билдиришкендей, Ак-Босого конушунда, “Сейтек” мектебинде,
Дордой 13 көчөсүндөгү №94-мектепте, Токтогул тилкесиндеги №68-мектепте жана
Аламүдүн-1 кичирайонундагы №38-мектепте ачылды. Аларда жалпысынан 220 орун камсыз.
Аталган жайларга саламаттыгы начарлаган жарандар кайрылса болот. Белгилеп кетсек,
Бишкекте 9 күндүн аралыгында стационарларга 24 миңге жакын бейтап кайрылды.
Учурда кезек күткөндөрдүн саны азаюуда. Айыккандар көбүрөөк, — дешти муниципалитеттен.