Ноябрдын биринчи декадасында Бишкекте абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт

Ноябрь айынын биринчи декадасында Бишкекте абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт. Синоптиктер билдиришкендей, бүгүн ордо калаада 24…25 градус жылуу. Бул климаттык нормадан дээрлик 15 градуска көп жана октябрдын биринчи беш күнүнө салыштырууга болот.

 

Ал эми эртең — бир күн бою ордо калаада нормалдуу аба ырайы сакталып, температура күндүз 10…12 градустан ашпайт жана жаан жаайт.

 

1-ноябрдан баштап күн кайрадан ачылып, аба жылуу болот.