Өзбекстанда суу транспортторуна бир жылга салык киргизилет

Өзбекстанда суу транспортторуна жана тапчандарга бир жылга

салык киргизилет. Өзбек өкмөтүнүн токтомуна ылайык,

эс алуу жайларында суу транспорттору, суу велосипеддери,

карда жүрүүчү унаалар, квадроцикл, дельтаплан жана тапчандар

салык алына турчу киреше булагы болуп эсептелет. Жакынкы арада

салык кызматкерлери Ташкент облусундагы кыймылсыз жана

кыймылдуу мүлктөрдү эсептеп чыгышат. Эксперимент аталган

облуста 1-марттан кийинки жылдын 1-майына чейин уланат.