Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы Россияда көрсөтүлөт

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы Россияда көрсөтүлөт.

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун тасмасынын бет ачары «Киношок» ачык кинофестивалында өтөт.

Фестиваль Анапа шаарында ушул айдын аягына белгиленди. Эске салсак, «Шамбала» тасмасынын

дүйнөлүк бет ачары ушул жылдын июль айында Шанхай кинофестивалында өткөн.

Тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылган.