Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 16-ноябрда Бахрейн менен беттешет.
Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до башталат. Мелдеш Эр-Риф шаарында улуттук
стадиондо өтөт. Эске салсак, буга чейин биздин спортчулар 11-ноябрда сингапурдун
футболчуларын 2:1 эсебинде жеңип алган. Оюндар 2023-жылы өтө турган
Азия кубогуна тандоо туруна даярдануунун алкагында уюштурулат.