“Түндүк электр» ишканасы кыргызстандыктарды электрэнергия акысын эртерээк төлөөгө чакырды

“Түндүк электр» ишканасы кыргызстандыктарды электрэнергия акысын

эртерээк төлөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат

кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, электр энергиясынын төлөмдөрүн

өз убагында жүргүзбөгөн абоненттердин жарыгы дароо автоматташтырылган

көзөмөл системасы аркылуу дистанттык түрдө өчүрүлөт. Белгилеп кетсек,

учурда төлөмдөрдү кабыл алуу терминал жана электрондук капчык аркылуу жүргүзүлөт.