Бишкектеги түнкү стационарлар алгачкы бейтаптарын кабыл алды

Бишкектеги түнкү стационарлар алгачкы бейтаптарын кабыл алды. Андагы медицина кызматкерлери эртең мененки саат 9га чейин иштешет, — дешти мэриянын басма-сөз кызматынан.

 

Эске салсак, ордо калаада түнкү эки стационар ачылган. Бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Ал жакта 120 орун бар.

 

Ал эми экинчиси — Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ресторанда ачылды. Анда 100 орун даярдалган. Түнкү стационарлар күндүзгүдөн айырмаланып абалы оор бейтаптарды кабыл алат.