Бишкекке Россиядан кезектеги гуманитардык жардам жеткирилди

Бишкекке Россиядан кезектеги гуманитардык жардам жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери мекендештер менен биргеликте медициналык халаттарды, респираторлорду, мээлейлерди жана беткаптарды берип жиберди.

 

Жүк биздин өлкөнүн  медицина кызматкерлери арасында бөлүштүрүлөт.