Ош-Исфана жолун 2023-жылы толук пайдаланууга берүү пландалууда

Ош-Исфана жолун 2023-жылы толук пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, депутаттар февраль айынын башында Ош облусунун Ноокат районунда көчмө жыйын өткөрүп, Баткен — Ош — Бишкек багытын байланыштырган жолдун абалын көрүп келишти. Анын алкагында, пандемиянын кесепетинен токтоп калган жумуштар ушул жылы улантылары белгилүү болду.

 

Эске салсак, стратегиялык маанидеги жолдордун биринин курулушу 2018-жылы башталган.