Кыргызстанда электр энергиясын азыртан үнөмдөө сунушталат

Кыргызстанда электр энергиясын азыртан үнөмдөө сунушталат. Novosti.kgге Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдиргендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйыл да электр менен толук камсыздоого аздык кылат.

 

“Негизи келе жаткан кыш оор болушу мүмкүн. Анткени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга караганда дээрлик 2 миллиард куб метрге аз. Ошого жараша электр энергияны болушунча үнөмдөш керек. Биз жылда эле айтып келебиз, кышка жайда эле даярданыш керек негизи. Иши кылып светти болушунча үнөмдөш керек”.

 

Кыргызстан акыркы жылдары энергетикалык курч каатчылыкка дуушар болууда. Электр энергиясын керектөө жыл сайын 5-7 пайыз артып жатат, ал эми колдо бар кубаттуулук жетишпей келет.