Ош облусунда үч Rest Point жайы курулат

Ош облусунда үч Rest Point жайы курулат.

 

Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, алар азыркылардан айырмаланат. Алсак, объектилердин аянты бир нече эсе чоңоюп, ушундан улам функционалдуулук да кеңейет деп күтүлүүдө. Тагыраагы, чоң жабык унаа токтотуучу жай, тамак-ашты алып кетүүгө мүмкүн болгон толук кандуу кафе, мини-маркет болот.

 

Учурда эки Rest Point үчүн локация аныкталды. Алардын бири Алайда, экинчиси Ноокатта жайгашат.