Бишкекте жол кирени жогорулатуу боюнча токтом долбоору талкууга коюлду

Жол кирени жогорулатуу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору талкууга коюлду. Ага ылайык, троллейбус, автобус жана кичи автобустар үчүн бирдиктүү жол акыны 20 сом деп белгилөө сунушталууда.

 

Документте мэрия эксплуатациялык чыгымдардын өзгөрүшүн жана инфляцияны эске алганы айтылат. Ошол эле учурда пенсионерлер, майыптыгы барлар, жети жашка чейинки балдар жана нөөмөттөгү почтальондорго жеңилдиктер сакталат.