Кыргызстанда биринчи мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкектеги №3 поликлиникада биринчи мамлекеттик “Эл аман” дарыканасы ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул жерде өтө маанилүү препараттардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармек бар.

 

Калк аларды жеке менчик аптекаларга караганда 10-15 пайызга арзан сатып алса болот.

 

Ушул жумада Ош шаарында, 10-ноябрга чейин республиканын бардык жеринде дарыканалардын ачылышы күтүлүүдө. Жалпысынан 46 мамлекеттик аптека уюштурулат.