Ош облусунун Араван районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Араван районунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүүчү мекеме Койчубаев айылында пайда болот.

 

Бүгүнкү күндө курулуш 75 пайызга аяктап калды. Объект Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 980 миң доллардан ашык бөлүнгөн. Мектеп кийинки жылы колдонууга берилет деп пландалууда.