Токиодо олимпиада оюндары өзгөчө абал режиминде өтөт

Токиодо олимпиада оюндары өзгөчө абал режиминде өтөт. Ал Японияда   12-июлда киргизилип, 22-августка чейин күчүндө болот.

 

Жаңы эрежелерге ылайык, бардык массалык иш-чараларга 5 миңден ашык көрүүчү киргизилбейт жана кечки саат 9га чейин аякташы керек. Мындай режимде Олимпиада оюндары кантип өтө турганын уюштуруучулар бүгүн талкуулашат.