Бишкектеги өрт чектөөгө алынды, жабыркагандар жок

Бишкек шаарында турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Улан кичи району тарапта турак үйдөн өрт чыккан.

 

Маалыматка караганда, Ясенский тар көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан өрт саат 10:13тө чектөөгө алынды. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.