Кыргызстанда ар дүйшөмбүдө ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүндө гимндин
коштоосунда мамлекеттик туу көтөрүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Ички иштер
министрлигинен билдиришти. Мындай демилге жеке курамга патриоттук тарбия
берүүгө жана милиционерлердин патриоттук аң-сезимин
калыптандаруу максатында ишке ашууда.