Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Абаканов көчөсү – Дэн Сяопин проспекти – Костанай көчөсү – темир жол линиясы, Костанай – Волков – Садыгалиев көчөсү, Дэн Сяопин проспекти менен чектешкен аймакта суу болбойт.

 

Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.