Ош облусунун Араван айылында тигүү фабрикасы ачылды.
Аны ачууга АКШнын Бишкектеги элчилиги колдоо көрсөттү. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда цехте 100 адам иштеп жатат, басымдуусу аялдар.
Жакынкы 3 жыл ичинде фабрика кеңейтилип, анда 500 киши эмгектене алат деп пландалууда. Тигүү цехинде күнүнө 40 миң даана аялдар, эркектер жана балдардын кийими тигилет.