Ош облусунун Кара-Суу районунда текстиль фабрикасы пайда болот.
Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов билдирди.
Анын айтымында, бул максатта Кашкар-Кыштак аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп берилген.
Учурда трансформациялоо жана документ иштери аяктап калды. Долбоор тууралуу
маалымат андан кийин берилет. Жаңы өндүрүшкө иштөөгө жергиликтүү тургундар тартылат.