Ушул жекшембиде Бишкекте 4 линия боюнча троллейбустар каттамга чыкпайт.
Мэриянын маалыматына ылайык, 19-сентябрда эртең мененки саат 8ден түшкү 1ге чейин
№5, 6, 10 жана 14 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Ал эми автобус жана
маршруттук таксилер көчөнүн түндүк тарабы менен жүрөт. Мындай өзгөрүүлөр
жекшембиде өтө турган жарым марафонго байланыштуу.