Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы мектеп ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы мектеп ачылды. 275 окуучуга чакталган билим берүү мекемеси Каратай айылында жайгашкан.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, №39 мектептин курулушу 2015-жылы эле башталган.

 

Жалпы аянты 1,5 миң чарчы метрден ашкан мектеп колдонууга берилип, учурда окуу процесси толук кандуу жүрүүдө. Курулуш иштерине 39 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.