Парламенттик шайлоодо домком жана квартал кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат

Парламенттик шайлоодо домком жана квартал кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.

 

Анын айтымында, конституциялык мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок уюштуруу жагынан домкомдордун жардамы чоң, анткени, алар добуш берүү күнүндө шайлоого келе ала тургандардын тизмесин беришет, — деди Стамов.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди.