Бишкек шаарындагы № 76 мектеп реконструкцияланат

Бишкек шаарындагы № 76 мектеп реконструкцияланат.

 

Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган орто мектепти калыбына келтирүүгө тендер жарыялады.

 

Курулушка 113 миллион 300 миң сомдон ашык сарптоо пландалууда.

 

Эске салсак, билим берүү мекемеси үч жыл мурун капиталдык оңдоого жабылып, анын окуучулары башка мектептерге убактылуу жайгаштырылган.

 

Бирок оңдоо иштери каражаттын тартыштыгынан улам жылдырылып келген.