Ош облусунан дарыгерлер тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, вирустун очогунда иштеген 74 медицина кызматкери көл жээкте 7 күн эс алышат.
Эске салсак, буга чейин эс алууга башка аймактардын дарыгерлери дагы жөнөтүлгөн.