Ош шаарында медицина кызматкерлерине кайрылган бейтаптардын саны үч эсе азайды

Ош шаарында медицина кызматкерлерине кайрылган бейтаптардын саны үч эсе азайды. Түштүк калаа мэри Таалайбек Сарыбашов билдиргендей, соңку эки-үч күндүн ичинде оорунун басаңдаганы байкалуда.

 

Мисалы, Тез жардам кызматына күнүнө 250-300 адам чалган болсо, өткөн суткада 117 чалуу түштү. Ал эми коронавируска чалдыккандарга кеңеш берген 118 чалуу борборуна буга чейин 300-400 кайрылуу болсо, кечээги суткада 147 адам чалган.