12-июлдан тартып Кыргызстанда айдоочу күбөлүгүн алуу боюнча жаңы токтом күчүнө кирет

12-июлдан тартып Кыргызстанда айдоочу күбөлүгүн алуу боюнча жаңы токтом күчүнө кирет.

Кеп, теориялык жана практикалык экзамендерден кулап калгандарга автомектептен

окубай эле кайра тапшыра берүүгө мүмкүндүк берүү тууралу болуп жатат. «Унаа»

мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев билдиргендей,

айдоочулук күбөлүктү алам дегендерге экзамен тапшыруунун саны чектелбейт.

Токтом күчүнө киргенден кийин жаран канча ирет тапшырганы чектелбейт.