Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүн

Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев фейсбук баракчасына жазды. Тиешелүү чечим шаарда эпидемиологиялык абал курчуп жатканына байланыштуу, жакында кабыл алынат.

 

Ошондой эле, түнкү клубдар, компьютердик клубдар жабылышы керек, — деди Балбак Түлөбаев. Белгилеп кетсек, Бишкекте эскертүүлөргө карабай, той-аштар өткөрүлүп жатат.