Ошто 14-январда бардык мектептер толук кандуу иштеп баштайт

Ошто 14-январда бардык мектептер толук кандуу иштеп баштайт. Бул тууралуу novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Кадимки формат менен 1-класстан 11-класска чейинки бүт окуучулар билим алат.

 

Тиешелүү кызматтарга санитардык нормаларды сактоо боюнча тапшырмалар берилди. Белгилеп кетсек, жалпысынан, Ош шаарында 81 жалпы билим берүү мекемеси бар, анын 55и мамлекеттик мектептер.