Кыргызстанда доллардын баасы кайрадан кымбаттоо багытында

Кыргызстанда доллардын баасы кайрадан кымбаттоо багытында. “Акчабар” каржылык порталында жазылгандай, учурда коммерциялык банктар америкалык валютаны 83 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 84 сомго сатышууда.

 

Мунун менен доллардын куну бир күндө 50 тыйынга көтөрүлдү. Өтүп кеткен жылдын аягында өлкөдө доллардын курсу серпилип, Улуттук банк эл аралык валюта рыногуна бир нече ирет чыккан.