Ошто добуш сатып алууну уюштурууга шектүү кызматкер иштен алынды

Ошто «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын участка башчысы шайлоодо добуш сатып алууну уюштурууга шектелип кызматтан алынды.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал парламенттик шайлоодо ат салышып жаткан партиялардын бирин колдоп, добуш сатып алуу максатында ар бир жаранга 2000 сомдон таратууга аракет кылган.

 

Милицияга анын үстүнөн арыз түшүп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Териштирүү маалында шектүү күнөөнү моюнга алган.

 

Бул фактыдан улам «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчилиги аны кызматтан алган. Шектүүнүн иши 24-ноябрда сотко өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын жогорку бийлиги парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айтып келүүдө. Ушундай жүйө менен буга чейин бир катар чиновниктер кызматтан кеткен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.