Криштиану Роналду Чемпиондор Лигасынын бул сезондогу бардык оюндарында гол киргизди

“Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Криштиану Роналду Чемпиондор Лигасынын бул сезондогу бардык оюндарында гол киргизди. 36 жаштагы футболчу мындай жетишкендик менен команданын жалгыз оюнчусу болуп калды.

 

Белгилеп кетсек, “Манчестер Юнайтед” Чемпиондор лигасынын плей-офф бөлүгүнө мөөнөттөн мурда өтө алды. Команда 5 беттеште 10 упай топтоп, F тобунда экинчи орундан төмөн түшкөн жок.