Жалал-Абад шаарындагы таштанды ташыган унааларга GPS орнотулат

Жалал-Абад шаарындагы таштанды ташыган унааларга GPS орнотулат.

Turmush басылмасы билдиргендей, жаңычылдык айдоочуларга бөлүнгөн

күйүүчү майды үнөмдөө максатында киргизилүүдө. Жакынкы аралыкта

жаңы техникалар сатып алынат, андан кийин жаңы системада иштер башталат.

Белгилеп кетсек, быйыл «Жалал-Абад тазалык» муниципалдык ишканасына

күйүүчү материал үчүн калаа бюджетинен 8,5 миллион сом бөлүнүп берилген.

Ишканада 123 кызматкер эмгектенет.