Акыркы жумада өсүмдүк майы 20 сомго чейин кымбаттады.
Экономика министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, баалардын жогорулашы
Бишкекке 10 сомго туура келип, учурда майдын орточо баасы 130 сомду түзүүдө.
Баалардын көтөрүлүшү Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор жана Балыкчыда 20 сомго жетип,
рекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга карабай Токмок, Ош, Баткен жана Жалал-Абадда
товардын наркы өзгөрүлгөн жок. Кошумчаласак, былтыркыга салыштырмалуу
өсүмдүк майына болгон баалар 50 пайызга жогорулады.