Эки бажы түйүнүнүн кызматкерлеринин ишин эми онлайн көзөмөлдөсө болот

Эки бажы түйүнүнүн кызматкерлеринин ишин эми онлайн көзөмөлдөсө болот. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, кеп “Торугарт” жана “Иркештам” түйүндөрү тууралуу болуп жатат.

 

Кытай менен чек арадагы камералар Бажы кызматынын порталында жеткиликтүү. Ведомстводон белгилешкендей, унаа өткөрүү түйүндөрүнө видео байкоо системасын орнотуу иштери соңуна чыгып калды. Техникалык колдоо көрсөтүү боюнча Россия менен жетишилген макулдашууга ылайык, бүгүнкү күндө 470тен ашууна камера орнотулду.