Кара-Балта шаарында жол кире 3 сомго кымбаттайт.
Шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган чечимге ылайык,
1-ноябрдан тартып калаанын ичинде жүргөн коомдук унааларда
жүргүнчүлөр үчүн жол кире 13 сом болот. Бирок окуучулар жана
пенсионерлер үчүн тарифтер өзгөрбөйт, алар учурдагы 7 сомду гана төлөйт.
Андан тышкары, Кара-Балта—Бишкек унаа жолунда каттаган маршруттук
таксилерде дагы тарифтер 15 сомго көтөрүлүп 75 сом болот.
Мындай чечим күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин
кымбатташына байланыштуу кабыл алынды.