Чек арага жакын аймактардан аскер бөлүктөрүн жана оор аскердик техниканы алардын туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү иштери жыйынтыкталды

Чек арага жакын аймактардан аскер бөлүктөрүн жана оор аскердик техниканы алардын туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын начальниги Руслан Сооромбаев билдирди.

 

Анын айтымында, ушундай эле иш Тажикстан тарабынан дагы жүргүзүлдү. Техниканы алып кеткенден киийнки абалды эки өлкөнүн атайын түзүлгөн комиссиясы көзөмөлдөйт.