Санитардык талаптарды аткаруу менен карантинди кайра киргизүү муктаждыгынан арылса болот

Санитардык талаптарды аткаруу менен карантинди кайра киргизүү муктаждыгынан арылса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Ал эске салгандай, май айында ишкерликти жандантуу алдында санитардык талаптар боюнча сунуштамалар берилген. Бирок ушул күнгө чейин бир катар объектилер аларды сактабай келет.

 

Анын ортосунда, Үсөнбаев белгилегендей, эрежеге ылайык, өлкө боюнча жалпы карантин бир эле жолу жарыяланат. Андан кийинки абал калктын түшүнүүсүнө жана жоопкерчилигине көз каранды болот.