Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 120 миллион 900 миң доллар бөлүп берет. Уюмдун аткаруучу кеңеши COVID-19 вирусу менен күрөшүүгө бир катар мамлекеттерге каражат бөлүүнү жактырды.
Акча коронавируска байланышуу бир аз татаалдашкан өлкөнүн карыздар боюнча төлөмдөрүн жабууга шарт түзөт.