Ошто стол тенниси боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат

Ошто эркектер жана аялдар арасында стол тенниси боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 100дөн ашык курама команда катышууда.

 

Жеңүүчүлөр дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышат.

 

Стол тенниси боюнча республикалык чемпионат Ош шаарында алгачкы жолу өтүп жатат.