Израил жана Ливандагы кыргыз жарандары бул мамлекеттерден чыгып кетиши керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта Жакынкы Чыгыштагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалга жана конфликттин курчушуна байланыштуу Ливандан чыгып кетүү жана бул аймакка барбай коё туруу керек экени, Израилдеги кыргызстандыктар да өлкөдөн авиакаттам менен чыгып кетиши зарылдыгы белгиленди.