Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты «Азаттыктын» өз булактары ырастады.
Шыкмаматов 10-январда өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүндө Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеп турган.
Ага чейин 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан талапкер болгон.
Аталган агенттик Кыргызстандын экспорт-импорттук потенциалын көзөмөлдөөнү, тышкы жана ички инвесторлор менен өкмөттүн байланышын өнүктүрүүнү, бажы жана административдик мыйзамдарды иштеп чыгуу менен катар Кыргызстандагы бизнес долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.
Бул агенттикке окшош структура 2009-жылы түзүлүп, аны мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген.
2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин агенттик өкмөттүн карамагына өткөн.