Пандемия учурунда Россиядан Кыргызстанга 58 чартердик каттам жасалды

Мекенине кайтып кете албай калган кыргызстандыктарды кайтаруу үчүн 20-марттан 5-июлга чейинки аралыкта түрдүү аба компаниялардын учактары менен 58 ирет чартердик каттам уюштурулган. Бул каттамдар менен Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан кыргызстандыктар Бишкекке жана Ошко жеткирилген.

 

Андан тышкары Россиянын Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус менен Казакстан аркылуу дээрлик 1,5 миң кыргызстандык жаран мекенине кайтарылган.

 

Жалпысы пандемия башталгандан берки убакта Россиядан Кыргызстанга 15 миңден ашуун кыргызстандыктар жеткирилген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, коронавирус пандемиясы башталгандан берки убакта дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө чыга албай калган 70 миңден ашуун адам Кыргызстанга алып келинди. Финансы министрлиги буга каражат мамлекеттик бюджеттен сарпталганын маалымдады.