Парламенттик кайра шайлоонун расмий жыйынтыгы укук коргоо органдарынан маалымат түшкөндөн кийин чыгарылат.
БШКдан билдиришкендей, азыр Свердлов районундагы добуштарды сатып алуу фактылары боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жыйынтык 12-марттан кечиктирбестен чыгышы керек. 27-февралда борбор калаанын Биринчи Май жана Свердлов райондорунда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөн.