Кыргызстанда “Кавак” улуттук компаниясы” түзүлдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, компания Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин иштетүүнүн эффективдүү системасын уюштуруу максатында түзүлдү.
Уставдык капиталы 1 миллион сомду түзгөн ачык акционердик коомдун негиздөөчүсү болуп Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду саналат.