Парламенттик шайлоолордо чет мамлекеттерде 42 шайлоо тилкеси ачылат. Бирок аларда консулдук каттоого турган кыргызстандыктар гана добуш бере алат, — деп билдирди 24 агенттигине БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева.
Ал белгилегендей, учурда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын тизмеси түзүлүп жатат. Ал дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн сайтында жарыяланып, мекендештер алардан өздөрүнүн бар-жоктугун текшериши керек.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.